Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Сирияда убактылуу өкмөттүн башына Мухаммед ал-Башир дайындалганы кабарланды

0
Сириянын козголоңчулары убактылуу өкмөттүн башына Мухаммед ал-Баширди дайындашты. Ал өткөөл өкмөттү 1-мартка чейин жетектерин Сириянын мамлекеттик медиасы 10-декабрда билдирди. Бул маалыматты бир нече дүйнөлүк агенттиктер менен телеканалдар басып чыгарышты.


Маалыматка караганда, ал-Башир 1983-жылы Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында туулган. Быйыл январда өлкөнүн ал бөлүгүн көзөмөлдөгөн козголоңчулардын «Сирияны куткаруу өкмөтүн» жетектеп баштаган. Ага чейин ошол өкмөттө өнүгүү жана гуманитардык маселелер министри болгон.


Аны АКШ жана бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмунун башчысы Абу Мухаммед ал-Жуланинин жакын санаалашы деп аташат.




Жекшембиде Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын башчылары Башар Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан..


Абу Мухаммед ал-Жулани Сириядагы азчылыктар басмырланбайт деп билдирди.


Бирок согушкерлердин “Ал-Кайида” террордук уюму менен байланыштары, адам укуктарын ыктымал бузуусу тынчсыздануу жаратууда.


“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өздөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.


Сириядагы жарандык согуш 12 жылга созулду.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Рафаэль Надаль получил трофей, включающий все 92 титула, выигранных им за карьеру






Джонни Депп откроет свой ювелирный магазин в Москве

Каратисты из Лобни стали призерами областных соревнований

МИД заявил, что виновные в гибели российских журналистов будут наказаны

При крушении двух танкеров в Черном море произошел разлив нефтепродуктов