Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Мамдумада орусча билбеген балдарды мектепке албоо долбоору биринчи окууда өттү

0
Орусиянын Мамлекеттик думасы орус тил сынагынан өтө албаган мигранттардын балдарын мектепке алууга тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын маалымат кызматы билдирди.


Документке ылайык, чет элдик жарандар окууга анын үй-бүлөсү Орусияда мыйзамдуу жүрөт деген уруксат кагаздар көрсөтүлгөндө жана тил боюнча тесттен өткөндө гана алынат. Орус тилинин деңгээли билим берүү программасын өздөштүрүүгө жетиштүү болууга тийиш.


Сынактын жол-жоболорун аткаруу бийлигинин федералдык органы аныктамакчы.


Мамдуманын басма сөз кызматы окуу жылынын башында өткөрүлгөн мониторингге шилтеме кылып маалымдагандай, мигранттардын балдарынын 41% орус тилинен кыйналган.


"Бала тил билбесе, билим алуу жараяны жана социалдык адаптация татаал болуп, классташтары жана мугалимдер да кыйынчылыктарга туш болот", - деп белгиленет билдирүүдө.


Депутаттар мыйзам долбоорун 11-декабрда карап бүтүүнү көздөшөт. Мыйзам эмки жылдын 1-апрелинде күчүнө кирмекчи.


Орусия президенти Владимир Путин мигранттардын орус тилин билбеген же начар билген балдары менен иштөө алгоритмин даярдоо керектигин билдирген. Ошондой эле ал орус тилин жана Орусия элин колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу мекемесине эмгек мигранттарынын орус тилди билүүсү боюнча талаптарды аныктоону буйруган.


29-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Орусияда 334 миңдей кыргызстандык иштеп жүргөнүн «Азаттыкка» билдирген.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Блинкова

Блинкова вылетела во втором круге теннисного турнира в Румынии






Geely прекратила продажи в России кроссовера Atlas Pro. Но у этой модели уже есть полноценная замена

Позднякова: Атмосферное давление в Москве достигло 774,5 миллиметра ртутного столба

Новый развлекательный центр «Галактика» открыт в Очаково-Матвеевском

ДАНА ПАРИМБЕТОВА: "Говорить о полноправной конкуренции нейросети с авторами пока рано"