Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Нетаньяху коррупция иши боюнча сотто көрсөтмө бере баштады

0
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху коррупция иши боюнча сотто көрсөтмө бере баштады. 75 жаштагы премьер паракорлук, көз боёмочулук жана ишенимден кыянат пайдалануу боюнча айыпталып жатат.


Рейтердин маалыматына ылайык, ал жумасына үч жолу сотко барып турмакчы.


Ушу тапта Израил Газада ХАМАС тобуна каршы согушуп жаткандыктан, премьердин ишке катышуусу улам кечеңдеп келген. Бирок өткөн аптада судьялар ал сотко келүүгө тийиш деген чечим чыгарышты.


Нетаньяхунун үстүнөн иш 2019-жылы козголгон. Ал миллионер досторунан кымбат баалуу белек-бечкек алганы, медиа магнаттар аралашкан коррупциялык схемаларга катышканы үчүн айыпталууда. Саясатчы күнөөсү жоктугун айтууда.


Дүйшөмбү күнкү маалымат жыйында өкмөт башчы өз чындыгын айтып берүүнү көпкө күткөнүн билдирип, иликтөө учурунда күбөлөргө жасалган мамилеге нааразылыгын айтты.


Биринчи жолу 1996-жылы өкмөттү жетектөөгө келген Нетаньяху кылмышка айыпталган кызматтагы алгачкы премьер болуп калды.


Өткөн айда Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну, анын мурдагы коргоо министри Йоав Галантты жана АКШ менен Европа биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун аскердик командири Мохаммед Дейфти кармоого ордер берген.


Үчөө тең ХАМАСтын былтыркы кол салуусуна жана Израилдин ошондон кийинки урушуна байланыштуу адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмышы үчүн айыпталууда.


Израил бул соттун юрисдикциясын тааныбай турганын билдирген.


Шейшемби күнү Нетаньяхунун иши каралып жатканда, соттун алдына премьерди жоопко тартууну талап кылгандар жана аны колдогондор чыгышты.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина вышла в четвертый раунд Australian Open, Швентек разгромила Радукану






На юго-востоке Москвы в массовом ДТП пострадали как минимум два человека

В Москве прошла презентация книги современного русского путешественника

Водитель на авто въехал в магазин и разбил витрину в Иркутске

В Москве инвесторы реализуют 14 градостроительных проектов