Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Гаитиде кылмышкерлер тобунун кол салуусунан 180 киши каза тапты

0
Гаитиде өткөн дем алыштарда 180 киши өлтүрүлгөнүн дүйшөмбү күнү өкмөт башчынын кеңсеси билдирди. Укук коргоочу уюм кылмышты жергиликтүү тургун жетектеген кылмышкерлер (бандиттер) тобу кылганын, топтун башчысынын баласы ооруп калганына жердештеринин ырым-жырымы себеп болду деп ушундай кадамга барышканын билдирди. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды.


Премьер-министрдин кеңсеси "Кызыл кыргынга жооптуу адамдар, топтун анабашы Монель "Микано" Феликс табылып, жок кылынарын" билдирди.


Маалыматка караганда, бандиттер негизинен улгайган адамдардын көзүн тазалаган.


Адам укуктарын коргоочу уюмдардын башын бириктирген Улуттук түйүн Ситэ-Солей деген райондо 60 жаштан улуу кеминде 110 киши өлтүрүлгөнүн маалымдаган. Кийин күбөлөргө шилтеме жасап, көчөлөрдө дагы бир нече сөөк табылганын айтып, курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн деп эскертишкен.


БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик 184 киши өлгөнүн, арасында 127 кары-картаң болгонун билдирди:


"Баш катчы мүчө-мамлекеттерди Гаитидеги коопсуздукту камсыздаган көп улуттуу миссияга финансылык жана логистикалык жардам берүүгө дагы бир жолу үндөйт. Бул жардам Гаити полициясына бандиттер менен күрөшүү үчүн зарыл".


Гаитинин бийлиги 2022-жылы коопсуздукту камсыздоо үчүн өлкөгө БУУнун миссиясын жайгаштырууну сураган. Бирок "Рейтер" кабарлагандай, миссиянын бир бөлүгү гана ал өлкөгө жөнөтүлгөн жана ресурстар жетпей турат.


Эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирген Гаитидеги кылмыштуу топтор 2021-жылы июлда өлкөнүн президенти Жовенел Моисе өлтүрүлгөндөн кийин күч алган. Алар адамдарды өлтүрүп, кыз-келиндерди, балдарды зордуктаган жүздөгөн фактылар бар. Андан тышкары тургундарды уурдап, кун талап кылышат.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Блинкова

Блинкова уступила четвертой ракетке мира в четвертьфинале турнира в Остине






Мальчика, которому хаски в Сочи разорвали лицо, доставили на лечение в Москву

Сотрудники ОМОН "Авангард" посетили танковый музей в «Центральном военно-патриотическом парке культуры и отдыха Вооруженных Сил Российской Федерации «Патриот».

Стало известно, какое имущество «королевы марафонов» Блиновской станет государственным

Мурашко: здоровый образ жизни становится нормой