Милдеттүү камсыздандыруу: Айып пулду жарым жылга жылдыруу сунушталды
Бул сунуш тууралуу мурдараак Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Жогорку Кеңеште маалымдап, өлкөдөгү катталган автоунаалардын 10 пайыздайы гана милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алганын, калганына да аны алууга убакыт берүү зарылчылыгын негиздеген.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-январынан башталат. Токтомго ылайык, автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.
Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 1,6 млн транспорттук каражат каттоодон өткөн болсо, учурда 108,6 миң автоунаа гана камсыздандырылган. Булардын ичинен 43,5 миң автоунаа чет өлкөлүк.
Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 1068 сомдон башталат. Кыймылдаткычынын күчүнө карай баалар кымбат болот.
Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө жарандардан ОСАГО полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштаган. Ага ылайык, автоунааны сатып алып жаткан жана анын ээси да ОСАГО полисин алууга милдеттүү болчу. Башкача айтканда, бир машинеге эки жолу полис алынып жаткан. Айдоочулар буга нааразылыгын билдиришкен.
Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК) полисин берүү лицензиясы 13 ишканада бар. (ZKo)