Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Ташиев: Армения, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин билдирди.


Анын сөзүнө караганда, алардын көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген жана 15 миңдей машиненин 90% документи жок. Камчыбек Ташиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, алардын бардыгын тең мыйзамдаштырууга болбой турганын айтты.


“Мыйзамсыз алынып келген бир да машине көчөдө жүрбөшү керек. Алар такси катары кызмат көрсөтүп адамдарды ташып, канча деген кишинин ден соолугуна зыян келтирип жатат. Биз аларды мыйзамдаштырууну үч баскыч менен карайбыз. Биринчи - анча-мынча документи барларды карап чыгабыз. Эч кандай документи жок эле “мыйзамдаштырып бергиле” дейт. Кантип мыйзамдаштырабыз? Экинчиден, абалы жакшы автоунааларды комиссия карап чыгат. Анан такыр эле мыйзамдаштырууга болбой тургандары да бар. Аларды тоокана кылышат же кайра чет өлкөгө алып чыгып кетишет”, - деди ал.


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанга Армения, Абхазиядан ташылып келген машинелерди бир жолку мунапыс берип, каттоону сунуштаган. Ушундай эле демилге парламентте буга чейин да көтөрүлгөн.


Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.


Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алып келинген автоунааларды башка бирөөгө берүү жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаа Кыргызстанда катталбайт. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Арина Соболенко поразила всех модным образом на мероприятии WTA. Фото






В Москве состоится концерт «Мгновения серебряного века»

Новинка в Fix Price – Турбо-спиннеры «Турбозавры»!

Improv.Минск: все, как и на Comedy Radio

В IV квартале 2025 года запланирован запуск трамвая от станции метро «Купчино» до Шушар