Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Хаменеи Асаддын төңкөрүлгөнү үчүн АКШ, Израил жана Түркияны айыптады

0

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Сириянын президенти Башар Асадды төңкөрүүнү "Кошмо Штаттар жана Израил" уюштурду деп айыптады.

11-декабрдагы билдирүүсүндө ал ошондой эле сириялык козголоңчулардын чагылгандай чабуулу үчүн Түркияга кыйыр доомат артты.

“Сирияда болгон окуя америкалык жана сионисттик кутумдун натыйжасы экенинен күмөн санабай деле койсо болот. Ооба, Сириянын коңшу өкмөтү да кайсы бир деңгээлде роль ойногон жана ойноп жатат”, - деп айтты Хаменеи.

Жекшембиде АКШ жана бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму баштаган Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар Асаддын режимин кулаткан.

2011-жылы жарандык согуш башталганда Тегеран Асадды бийликте кармап туруш үчүн миллиарддаган доллар сарптаган, аскердик кеңешчилерин жөнөткөн.

Ирандан тышкары Дамаск режимин Асад учурда башкалка алган Орусия колдоп келген. Ал эми Түркия козголоңчу топторго көмөктөшүп турган.

Хаменеинин кеңешчиси Сирияны Иран менен Ливандагы “Хезболла” (АКШда террордук деп таанылган) уюмун байланыштырган чынжырдагы “алтын шакекче” деп атаганы бар. Эксперттердин пикиринде, “Хезболла” менен Израилдин урушунан улам ал чынжыр бошоңдоп калды.

Вашингтон Сириядагы бийликтин кулатылышына тиешеси бар деген маалыматтарды буга чейин эле четке каккан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Дарья Касаткина

«Сучка». Уроженка Москвы отреагировала на поражение от Касаткиной на Australian Open






В Ростове запланировали массовые отключения света с 20 по 24 января

Орловца второй раз осудили за неуплату алиментов

Москва и Пекин будут бороться с подделками под российские продукты в КНР

СК сообщил о задержании подозреваемого в убийстве женщины на западе Москвы