Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Тажикстан: Канибадамда бир үй-бүлөдөн алты кишини өлтүрүп кетишти

0
Тажикстандын Канибадам районунда дагы бир үрөй учурган окуя катталды. «Озоди» радиосу маалымдагандай, дүйшөмбү күнү бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн – жубайлар менен төрт баласынын сөөктөрү табылды. Наимжон Нематов 37, аялы Нафиса 33 жашта болчу. Эң улуу кызы 13, кичүүсү эки жашка чыккан.


Расмий органдар эч кандай комментарий бербегени, маркумдардын туугандары да журналисттер менен сүйлөшүүнү каалабаганы маалымдалды.


«Азия Плюс» агенттиги күбөлөргө таянып, Наимжон Нематовдун башы көгала болгонун жазды. Үй-бүлө миграцияда жүргөндө тапкан каражаттын эсебинен күн көрүп келген, Нематовдун орус жарандыгы бар болчу.


Бир жылда Согд облусундагы Канибадам районунда бери дегенде беш үй-бүлө киши колдуу болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, көп учурда аларды муунтуп өлтүрүшкөн.




Алсак, 4-июнда тартип коргоо органдары эки үй-бүлөдөн бир түндө алты адам киши колдуу болгон окуяны иликтеп жатканы маалымдалган.


Окуя Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү болгону, бир үй-бүлө тажик улутундагылар, экинчиси этностук кыргыздар экени, чоо-жайы боюнча расмий маалымат бериле электиги кабарланган.


Жергиликтүү тургундар түнкүсүн көчөлөрдө беткапчан белгисиз адамдар жүргөнүн социалдык түйүндөргө жазган, түрдүү тайпаларда видеолор да тараган. Райондук жетекчилик маалымат каражаттарын жалган маалымат таратуу үчүн айыптаган жана ал кылмыштардын бири-бирине байланышы жоктугун буга чейин айткан.


Канибадам районунун акими Абдусалом Тухтасунзоданын айтымында, ишти Башкы прокуратура иликтеп жатат, шектүү катары бир киши кармалды.


Район жашоочулары бир нече окуядан кийин көчөлөрдө жарык орнотулганын билдиришти.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Д. Шнайдер вышла в третий раунд Открытого чемпионата Австралии в парном разряде






В Петербурге сосед не дал пенсионерке отправить мошенникам 5 млн рублей

Зарубин рассказал о международных контактах в графике Путина на следующей неделе

TikTok в России работает со сбоями, а в США его заблокировали

Крещенская оттепель: как россияне отметили праздник Богоявления Господня