Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Бишкекте рак ооруларын аныктай турган санарип лаборатория ачылды

0
Бишкекте онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды.


Аталган долбоорду Салымбеков университети жана эл аралык биотехнологиялык Cureline Biopathology холдинги (АКШ, Сан-Франциско) биргеликте жүзөгө ашырган.


Медицина илимдеринин доктору, профессор, онколог Рысбек Абдылдаевдин айтымында, лаборатория келечекте жасалма интеллектин жардамын да пайдаланууну пландап жатат.


"Лаборатория рак оорусун Бишкекте жаңы технология ыкмалары менен аныктайт, чет элдеги адистерден санарип ыкмасы менен кеңеш (Difital Pathology) алып турат, дартты аныктоодо жасалма интеллекттин жардамы колдонулат. Эгер колдоочулар табылса, санарип ооруканасын (Digital Hospital) ачуу планыбызда бар. Биздин командабызда илимдин докторлору, Intel жана Meta (FB, Instagram) компанияларында эмгектенген адистер топтолгон. Кымбат баада чет өлкөлүк лабораторияларга жиберилген анализдерди мындан ары Бишкектин өзүндө эле текшерсе болот. Баасы кымбат болбойт, бирок жоопкерчилик болот", - дейт Абдылдаев.




Дарыгердин айтымында, санарип лабораторияда иштей турган адистер атайын сынактын негизинде тандап алынып, чет өлкөлөрдөн окуп келишкен.


Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 5 миңден ашуун адамдан онкология илдеттери аныкталат. Эркектер арасында ашказандын, ал эми аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчектин залалдуу шишигине чалдыккандар басымдуу.


Адистер ракты дарылоодо Кыргызстан алдын ала аныктоо, технология жана адистерди даярдоодо артта калып жатканын белгилешет. Соңку жылдары онкология илдетине чалдыккандар арасында Түркия баштаган өлкөлөргө барып дарылангандар көбөйгөн. (ST)




 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Тренер Абашкин заявил, что Соболенко удивила поражением в финале АО-2025






Лукас высказалась после боя с нокаутом и первым поражением

Ветеринар Шеляков рассказал, как отучить кошку будить хозяина рано утром

В РФ проиндексировали страховые пенсии на 9,5 процента

Легендарный ЗИМ в хорошем состоянии — всего за 2 млн рублей?