Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

"Манас Ордонун" директору болуп Камил Мамадалиев дайындалды

0

Таластагы Улуттук "Манас Ордо" комплексине Камил Мамадалиев директор болуп дайындалды. Мындай маалымат "Манас Ордонун" Фейсбуктагы баракчасына 11-декабрда жарыяланды.

Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Талас мамлекеттик университетин филология адистиги боюнча аяктаган 43 жаштагы манасчы Камил Мамадалиев буга чейин "Манас Ордо" комплексиндеги музейдин директору болуп иштеген.

Буга чейин Улуттук "Манас Ордо" комплексине бир нече айдан бери жетекчи дайындалбай жатканына нааразылыктар айтылган.

Комплекстин мурдагы директору Ормошбек Чоюнбаев 2021-жылы декабрда кызматтан алынган. Ал чечим мыйзамсыз деп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин сотко берген.

Иш Жогорку сотко чейин жетип, сот Чоюнбаевдин пайдасына чечип берген соң, кайра кызматка келген. Ал ортодо комплексти Марат Дооронбеков башкарып турган. (MKt)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Циципас одержал первую победу в финалах турниров ATP-500 после 11 поражений






Экс-сотрудников парка «Патриот» осудили на 9 лет по делу о получении взятки

Кинопарк «Москино» приглашает отметить 8 Марта

В Нижнем Новгороде 2-летний ребенок отравился наркотиками

В Москве проходит церемония прощания с шахматистом Борисом Спасским