Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Жаңы жылдан тартып маркирленбеген күйүүчү майды сатууга тыюу салынат

0
Министрлер кабинетинин быйыл, 4-июлдагы токтомуна ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып, Кыргызстанда маркирленбеген бензинди жана дизелдик отунду сактоого, сатууга жана ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы 12-декабрда билдирди.



Мекеменин эскертүүсүнө ылайык, мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген ишканалар 2024-жылдын 31-декабрына чейин отундун бул түрлөрүнүн калдыктарын маркирлөөгө тийиш.



2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркирлөө жобосу киргизилген.



Салык кызматы күйүүчү майды маркирлөө оператору - "Учкун" басмаканасы менен чогуу жыл аягына чейин 230 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркирлөөгө милдеттендирилген.




Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, маркирлөө системасы киргизилгенден кийин ноябрь айында күйүүчү-майлоочу материалдарга акциз салыгынын төлөмдөрүнү суммасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59%га көбөйүп, 349,5 млн сомду түзгөн.


1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү майды милдеттүү маркирлөө ыкмасы киргизилип, ага байланыштуу ар бир литр күйүүчү майга кеминде 37 тыйын кошулган. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн сунушу менен жаңы жылдан - 1-январдан тарта жолго төлөнүүчү салык - 1 сом да күйүүчү майдын жана газдын баасына кошулат.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

«Теннисным матчем это было не назвать». Рублёв — о вылете на старте турнира в Дубае






В г. Ганновер произошел взрыве на заводе Continental. Но у компании есть и другие проблемы

Два человека погибли при столкновении грузовиков во Владимирской области

ЕВРОПА И УКРAИНА АТАКОВАЛИ США? СЕНСАЦИЯ! Очень важные новости. Дональд Трамп, Владимир Путин, Илон Маск. Новости. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

Грунт вынимают на площади Свободы для встречи щита "Владимир"