Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Бишкекте адамдарга бычак менен кол салуу окуясын ИИМ көзөмөлүнө алды

0
Бишкекте адамдарга бычак менен кол салып, каражатын алып кеткен окуя боюнча ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) көзөмөлүнө алды.


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 11-декабрь саат 16:56 чамасында шаардык милицияга Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган адамдар менен  белгисиз кишилердин ортосунда мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн.


Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган. Бычак менен кол салган шектүүлөр Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткени аныкталып, “Перехват” планы жарыяланган.


Алдын ала маалыматтар боюнча, алар жабырлануучулардын каражатын алып, изин жашырып кеткен. Чыгымдын суммасы такталууда.


Окуя тартылган видео социалдык тармактарда тарап жатат. Видеодо төрт адам эки кишини сабап, кийин көк түстөгү автоунаага отуруп качып кеткенин көрүүгө болот. Алар жабырлануучулардын көп суммадагы каражатын алып кеткени айтылууда. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Теннисистка Андреева выбыла из топ‑10 мирового рейтинга WTA






Зарезавший двух человек в машине в Рязанской области военный задержан

Педиатр Маркова: речь у ребёнка развивается очень индивидуально

В московском ресторане придумали специальное меню, вдохновленное фильмом "Обезьяна" (ФОТО)

Роспатент и Минцифры запустили новый сервис на «Госуслугах»