Орус армиясынын Запорожьеге жасаган ракеталык чабуулунан сегиз киши мерт болду. Бул арада Орусиянын Брянск облусунун губернатору аймактын үстүнөн 10 дрон жок кылынганын маалымдады. Тажикстандын Канибадам районунда бир үй-бүлөдөн алты кишини өлтүрүп кетишти. Жубайлардын балдарынын улуусу 13, эң кенжеси эки жашта гана болчу. Бир жылда бул райондо бери дегенде беш үй-бүлө киши колдуу болду. Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ишине УКМКнын төрагасы комментарий берип, аны “мыйзам алдында жооп бериши” керек деди. 28 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Султанбековдун саламаттыгына жакындары кабатыр.