Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Дональд Трамп Си Цзинпинди инаугурациясына чакырды

0
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Кытайдын лидери Си Цзинпинди жана чет өлкөлүк башка жетекчилерди инаугурациясына чакырды. Бул тууралуу Трамптын өткөөл убакыттагы басма сөз катчысы Каролин Ливитт Fox News телеканалына берген маегинде айтты.


Ага чейин CBS өз булактарына таянып, Кытай лидери 20-январдагы салтанатка чакырылганын маалымдаган. Кабарда айтылгандай, чакыруу ноябрда, президенттик шайлоодон кийин көп узабай жөнөтүлгөн. Си Цзинпиндин чакырууну кабыл алганы же албаганы азырынча түшүнксүз.


АКШ президентинин ант берүү аземине адатта элчилерди, башка дипломаттарды чакырышат. CBS News Мамлекеттик департаментке шилтеме менен берген маалыматка ылайык, 1874-жылдан бери бир да чет өлкөлүк лидер инаугурацияга катышкан эмес.


Трамп президент болуп турган кезинде Кытай менен соода согушун жүргүзүп келген. Быйыл 26-ноябрда кызматка кирешери менен АКШга келген кытайлык бардык товарларга салыкты көтөрөрүн жана кошумча тарифтерди киргизерин билдирген.


Бул чечимди комментарийлеп жатып, Бээжиндин өкүлү соода согуштарында жеңүүчү болбосун, “дүйнө андан утпай турганын” айткан.


Тараптардын соода согушу 2018-жылдын башында башталган.


Вашингтон Бээжин бийлигин протекционизм үчүн жана бизнести адилет жүргүзбөйт деп күнөөлөп, Трамп бир катар Кытайдын товарларына бажы төлөмүн киргизген. Бээжин дагы ушундай эле жооп кайтарган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина проиграла американке Крюгер во втором круге турнира WTA в Абу-Даби






Заблокируют счет вместе с деньгами: всем, кто переводит деньги через банковские приложения – назад пути не будет

"Вошла в новый год с миром и счастьем": Анастасия Волочкова отказалась от идеи судиться за пенсию

В г. о. Серпухов открылась выставка археологических находок

Пожар в здании бывшего электрозавода в Москве полностью ликвидирован