Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Кыргызстан менен Хорватия инвестиция багытында кызматташууну көздөйт

0
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Хорватиянын тышкы министри Гордан Грлич Радман менен 12-декабрда жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулады. Министр Кулубаев жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берди.


"Биз соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну күчөтүү боюнча бир пикирге келдик. Туризм, айыл чарба, энергетика, анын ичинен энергиянын кайра жаңылануучу булактары сыяктуу экономиканын артыкчылыктуу багыттарын жана секторлорун аныктадык", - деди Жээнбек Кулубаев.


Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери эл аралык жана аймактык маанидеги актуалдуу маселелерди талкуулап, глобалдык жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.




Мындан сырткары Кыргызстан менен Хорватиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташтык жана кеңешме боюнча протоколго кол коюлду.


Гордан Грлич Радман Кыргызстанга 11-декабрда расмий иш сапары менен келген. Анда эки тараптуу жолугушуулар жана эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес форум өткөрүлдү.


Европа Биримдигине мүчө болгон Хорватия өткөн жылы Шенген аймагына кошулуп, улуттук валютасы кунанын ордуна Еврошаркеттин бирдиктүү валютасы болгон еврону колдоно баштаган.


Хорватияда иштеген кыргызстандыктар да бар. (MKt)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

В сети появилось трогательное видео Рыбакиной с детьми






Санду объяснила четырехмесячную проволочку при аккредитации посла России Озерова

Следком проводит проверку по факту смертельного ДТП с автобусом в Смоленской области

Прежний успех позади. Звезды-дети: как сложились их судьбы

Создание Центра Росгвардии в Воронеже обсудили в Москве