Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылгандардын 96% аялдар түзөт

0
2023-жылы Кыргызстандагы кризистик борборлорго жана башка социалдык-психологиялык мекемелерге 14 миңден ашык адам кайрылган. Алардын жарымынан ашууну үй-бүлөлүк зомбулуктан улам кайрылууга мажбур болгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымдады. Ага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылгандардын 96 пайызы - аялдар.  



Былтыр кризистик борборлорго жана социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү мекемелерге кайрылган аялдардын көпчүлүгүн (48+%) 18-34 жаштагы аялдар түздү,

35-39 жаштагы аялдар - 23%, 40-49 жаштагылар - 19%, 50 жаш жана андан улуулар- 6%, балдар 3% болгон.



Өлкөдө адам укуктарын коргоо маселеси байма-бай көтөрүлгөнү менен аялдарга, балдарга, майыптыгы бар адамдарга зомбулук токтобой келет. 2024-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).



Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 12 001 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 11 227си аялдарга, 529у эркектерге берилген. Андан тышкары 245 бала коргоо ордерин алган.




Башкы прокуратуранын расмий маалыматында Кыргызстанда өткөн жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.



Башкы көзөмөл органы быйылкы жылдын статистикасын жарыялай элек. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Теннисист Джокович взял медицинский таймаут в матче с Алькарасом на AO






Московская «Неделя памяти» открылась выставкой о Праведниках народов мира

Сергей Собянин: Благотворительная деятельность не имеет формальных границ

"Позитивные" решения убьют Россию: Власти пошли против прямого указа Путина

«АТОЛ Онлайн»: Продавцам возвращают каждый 14-й подарок на Новый год