Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

ЖМК: Израилдин аба күчтөрү Сириянын асманында "эркиндикке ээ болушту"

0
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын Жакынкы Чыгыштагы топторунун алсызданышынан жана Сирияда Башар Асаддын режими кулашынан улам Израилдин аба күчтөрү Сириянын асманында эркиндик алды деп эсептейт. Израилдик аскер кызматкерлери эми Ирандын өзөктүк объекттерине сокку урууга шарт түзүлгөнүн бейшембиде билдиришкен. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазды.


Израил армиясынын баасына караганда, Ирандын бийлиги Асаддын режими кулап, Ливандагы "Хезболла" радикал уюму алсыздангандан кийин өзүнүн өзөктүк программасын өнүктүрүүнү уланта берет. The Times of Israel басылмасы АКШнын чалгын кызматтары жана МАГАТЭ Иранда өзөктүк программа 2003-жылга чейин эле болгонун, Тегеран аны өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп келгенин аныкташканын билдирди. Израил Иран эч качан өзөктүк курал программасынан баш тартпаганын, анын өзөктүк жайларынын көпчүлүгү терең жер алдына жайгаштырылганын белгилөөдө.



Бейшембиде Израил аба күчтөрүнүн командачылыгы азыркы Сириянын асманынын боштугу израилдик учактардын Ирандын өзөктүк жайларына сокку уруусун камсыздай аларын билдирди.




Израил армиясынын маалыматына караганда, ЦАХАЛдын аба күчтөрү Сириядагы Асаддын бийлигине тийиштүү болгон абадан коргонуу күчтөрүнүн 86% жок кылды, бул абадан коргонуучу 107 компонент жана 47 радар экени айтылды.



Жок кылынган системалардын көпчүлүгү - ЗРК SA-22, "Панцирь-С1", "Бук" деген аталышта таанылган жана башка курал-жарактар 90% Орусиянын абадан коргонуу системасына таандык.


Булар Израилдин "Хезболлага" сокку урууга багытталган аба күчтөрүнүн аракетине каршы даярдыкта турганы кабарланды.


Президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Израил аннексиялаган Голан дөңсөөлөрүндөгү буфердик зонага аскерлерин (ЦАХАЛ) жайгаштырган. Тел-Авив муну “коопсуздук чарасы” катары түшүндүргөн.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Всегда непросто. Первая ракетка России объяснила победу над Путинцевой






Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности празднования Рождества в регионах России

Запад не нашел доказательств причастности РФ к повреждению кабелей на Балтике

Будет жарко? Народные приметы: о лете можно судить по погоде на Крещение

В Долгопрудном более 5 тыс человек поучаствовали в праздновании Крещения