Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Баткендеги базарга өрт өчүрүүчү автоунаа кире алган жок

0
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Өрт өчүрүү кызматы Баткен облусундагы башкармалык менен 13-декабрда Баткен шаарындагы борбордук базарда күтүүсүз машыгуу өткөрдү.


Мындай машыгуу быйылкы жылы 4-жолу уюштурулуп жатканына карабастан, базарга кирүүчү негизги жолдор ачылган эмес. Машыгууга сатуучулардын көңүл кош мамилеси да жолтоо болгон. Мындай тоскоолдуктардан улам өрт өчүрүүчү автоунаа дээрлик бир сааттай базардын ичине кире алган эмес.




"Тилсиз жоонун алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө бир саат эмес, бир ирмем убакыт да маанилүү. Ошондуктан ӨКМ куткаруучулары сатуучуларга жана базардын жетекчилигине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өрт коопсуздук эрежелерин сактоонун зарылдыгы боюнча нускама өтүштү", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.



ӨКМ базар, соода борборлору жана башка жайларда өрт коопсуздугун сактабаган ишкерлерге айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда. Ага ылайык, үч миң кишиден көп иштеген субьектте өрт коопсуздугу сакталбаса 1 млн сомдон жогору, 1 миң кишиден көп субьектте катталса 500 миң сом айып пул салынат.




Кыргызстандагы "Дордой", "Ош", "Кара-Суу" жана башка базарларда өрттөн соодагерлер миллион сом чыгаша тарткан учурлар катталган. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Екатерина Александрова

Александрова не смогла пройти в третий круг турнира в Индиан-Уэллсе






Ефимов: 25 зданий отреставрировали в Москве по программе льготной аренды

Зиньковский и Дзюба — в стартовых составах «Крыльев Советов» и «Акрона» на матч 20-го тура РПЛ

Москвич лишился 500 тыс. рублей на «покупке» криптовалюты

Путин едва сдержал слёзы на встрече с матерями бойцов СВО в Москве