Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Франциянын өкмөт башчылыгына борборчул Франсуа Байру дайындалды

0
Франциянын президенти Эммануэл Макрон борборчул "Демократиялык кыймыл" партиясынын лидери, өзүнүн тарапташы Франсуа Байруну өкмөт башчылыкка дайындады.


4-декабрда Франциянын парламенти буга чейинки премьер-министр Мишель Барньеге ишенбестик көрсөткөн. Ал бул кызматта болгону үч ай отурду. Муну менен депутаттар 1962-жылдан бери биринчи жолу өкмөттү таркатышты. 


Барньенин кызматтан кетишине анын депутаттардын макулдугу жок 2025-жылга карата социалдык камсыздандыруу боюнча бюжетти кабыл алышы түрткү болду. Ал документке ылайык, бюжет 40 миллиард еврого кыскартылып, салыктар жалпы 20 миллиард долларга көбөйтүлмөк. 




Азырынча жаңы премьер-министрди депутаттар канчалык колдору белгисиз. Француз басылмалары өкмөт башчыга солчул жана оңчул фракциялардын ортосунда баланс табуу кыйын болорун жазышты. 


Жаңы өкмөт башчы Байру буга чейин 1993-1997-жылдары билим берүү министри, 2017-жылы Юстиция министри болгон. Соңку кызматында бир ай отургандан кийин эле баш тарткан. 


Ал үч жолу өз талапкерлигин президенттик шайлоого койгон. 73 жаштагы Байрунун аялы, алты баласы, 12 небереси бар. 




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Определился соперник Андрея Рублёва во втором круге турнира ATP-500 в Роттердаме






В Азербайджане ожидают от России мер в связи с закрытием Русского дома

Куда поехать на чистое море в 2025 году? Азовское море и курорт Кучугуры ждёт вас

«Смыслы»: коллекция ювелирного бренда LunaLu

Весной ждите морозы посильнее зимних: синоптики дали прогноз на март и апрель