Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Тывада зордуктоо тууралуу маалыматтан улам мигранттарга кол салуу көбөйдү

0
Тывада мигранттарга каршы маанай, кол салуу күчөдү. Мунун алдында 22 жаштагы өзбекстандык жаран 15 жашар өспүрүм кызды зордуктаганы, ага ВИЧ жуктурганы тууралуу маалыматтар чыккан. Аймактын бийлиги кызга оору жукканы тууралуу маалыматты четке кагып, аны "чагым" деп билдирди.


Тыванын Тергөө комитети августта өзбекстандык жаран өспүрүм кызды зордуктаганын, анын негизинде кыз психикалык жактан убактылуу жабыркаганын билдирген. Мигрант камакка алынып, кылмыш иши козголгон, эгер күнөөсү далилденсе 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.


Зордуктоо тууралуу маалыматтан кийин Кызыл шаарында жергиликтүү тургундар чет өлкөлүктөргө кол салган бир катар окуялар катталды. Анын негизинде базарда, соода жайларда иштеген бир нече адам жабыркады. Кол салууларга байланыштуу бери дегенде үч адамга кылмыш иши козголду.


Маалыматтарга караганда, 14-декабрда мигранттарга каршы жыйын өткөрүлгөнү жатат.


Ушул жылдын март айында Москвадагы Крокус Сити Холлдо болгон теракттан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Күч органдары кол салууну тажик жарандары уюштурганын билдирген. Мындан кийин мигранттарга талап-эреже дагы катаалдай баштаган жана түрдүү шылтоо менен согушка тарткан учурлар болгон.


Расмий маалыматка ылайык, жылдын алгачкы жарымында 65 миңден ашуун чет элдик өлкөдөн депортацияланды, 120 миң мигрантка кирүүгө тыюу салынды.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Оскорбивший Джоковича австралийский журналист извинился перед ним






Звук, который дает преимущество: новая игровая гарнитура Bloody G565

Жителей старшего поколения пригласили на занятия в Коньково

Мэр Тбилиси Каладзе предположил, что санкции против Грузии связаны с Россией

Проект по проведению собраний собственников жилья на ГИС ЖКХ тестируют в России