Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Ташиев күнөөсүз адамды атайлап каматкандар жазаланарын эскертти

0
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев күнөөсүз адамды атайлап, алдын ала уюштуруп, кылмышка түртүп туруп камаган күч кызматкерлери жазаланарын эскертти. Ал 13-декабрда Баткенге барганда жыйынтык үчүн иштөөнү токтотууну талап кылды.


"Бирөөнү атайлап, артынан түшүп, кылмыш кылдыртып, же болбосо жыйынтык үчүн "подстава" кылып кармап келсеңер өзүңөр дагы жооп бересиңер. Андай кылбагыла, адамдын убалы жаман. Күнөөсүз адамды жоопко тартканды жоюшубуз керек. Жаңылып калууга, ката кетиргенге акыбыз жок. Адамдын өмүрү, тагдыры, жашоо-тиричилиги силердин алдыңарда турат. Үй-бүлөсүн, бала-чакасын зарлаткан, кыйналган абалга түшүрбөшүңөр керек. "Подстава" болгондор дароо эле көрүнүп калат. Ал байкуш эптеп эле бир үйдө жашайт, машинасы, ашыкча дүйнөсү деле жок, бирок аны кылмыш кылган деп камап салган учурлар болот. Ушундайлар болбосун",- деди Ташив.


УКМКнын төрагасы буга чейин кимдер ак жеринен, атайын уюштурулган аракеттин негизинде камалганын тактаган жок.


Азыркы бийлик коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрүп жатканын билдирип келет жана пара алууга, коррупцияга шек саналган адамдар, азыркы жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер байма-байма кармалап жатат. Көп учурда бул кылмыш иштери эмне менен аяктаганы тууралуу маалымат берилбейт.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв выпадет из топ-8 после поражения на турнире ATP в Гонконге






Глава ВЦИОМ предложил спасать демографию РФ американской налоговой системой

«Сочи» — «Динамо» Москва — 1:5. Видеообзор матча КХЛ

Нижегородцев приглашают к участию во всероссийском «Марафоне семейного чтения»

Ирландский журналист Боуз восхитился сельской местностью в России