Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Сатыев: орой мамиле жасаган судьялар сурамжылоо менен аныкталат

0
Судьялардын жана сот тармагындагы кызматкерлердин кайрылган жарандарга жасаган мамилесин аныктаган онлайн сурамжылоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 13-декабрда Жалал-Абаддагы сапары маалында билдирди. Анда кайрылган жарандарга орой мамиле жасагандар аныкталса чара көрүлөрүн айтты.


"Сотко келген тараптар QR код менен кирип сурамжылоого катыша алат. Анда судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин тараптарга болгон орой мамилесин аныктоо үчүн бир нече суроолор берилет. Жыйынтыгы талданып, аныкталган кемчиликтерди жоюшубуз керек",-деген Сатыев.


Төрага буга чейин мыйзамсыз иштерге барган, коррупцияга аралашкан судьяларды өз эрки менен ишин тапшырууга чакырган.


Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп октябрь айынын аягында дайындалган. Ага чейин бул кызматта турган Замирбек Базарбеков өзү жазган арыздын негизинде деген жүйө менен иштен кеткен.


Сатыев учурда региондорду кыдырып жүрөт, Жалал-Абад облусуна барганга чейин ал Ысык-Көл, Нарын жана Таласта болгон.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Арина Соболенко поразила всех модным образом на мероприятии WTA. Фото






На городских торгах реализуют 19 коммерческих помещений в районе Солнцево

Клин (Московская область) - Сварочные работы любой сложности

Что происходит с ценами на жильё? Какую схему обмана придумали мошенники? В чём особенности рейтинга автошкол?

Суд арестовал имущество компании-владельца сгоревшего склада Ozon в Истре