Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Президент Жапаров жарыкты кыска мөөнөткө өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин айтты

0
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда акыркы төрт жылда эле электр энергиясынын тартыштыгы дээрлик 1 млрд кВт саатка көбөйгөнүн айтты. Мамлекет башчы бул тууралуу “Кабар” агенттигине курган маегинде кыш-күрөөдө кыска мөөнөткө өчүп жатканы тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.


“Бизде электр энергиясынын дефицити азыркы учурда 3,9 млрд кВт саат. 2020-жылы биз бийликке келгенде эле кышкысын 3 млрд кВт. саат электр энергиясы тартыштык бар болчу. Бул эмнеден улам келип чыккан тартыштык? Анткени 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 МВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес”, - деди президент.


Мамлекет башчы кемчиликти толтуруу үчүн учурдагы бийлик тарабынан ГЭСтерди, шамалдан, күндөн энергия алуучу  объектилер жапырт курулуп жатканын, бирок бул дагы тартыштыкты жое албай жатканын белгиледи.


Садыр Жапаров ошондой эле электр энергиясынын баасы арзан болгондуктан аны үнөмдөө болбой жатканын кошумчалады.


“Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы”, деген президент мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар да “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатышканын белгиледи.




Садыр Жапаровдун сөзүнө караганда, электр энергиясынын өздүк наркы 2,72 сом. Элге 1 сом 10 тыйындан сатылат. “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында 69 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 55 тыйын менен берилет. Ошондой эле тоолуу аймакта жашаган 186 миң керектөөчү электр энергиясын чектөөсүз колдонуп, 1 сом 10 тыйындан төлөйт.




Энергетика министрлиги декабрь айынын башында электр энергиясынколдонуу тарыхый чекке жеткенин билдирип, элди электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.


Ага ылайык, 12-декабрь күнү 3 612 мегаватт электр энергиясы сарпталды, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жеткен. Ошол күнү Токтогул суу сактагычында да секундасына 932 метр куб суу иштетилип, эң жогорку чекке жеткен.


Акыркы күндөрү соцтармактарда электр жарыгы улам өчүп жатканына нааразылыктар арбын жазылган. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина, Шнайдер и Мирра Андреева выступят турнире WTA-500 в Аделаиде






NYT: глава Apple Тим Кук встретился с Дональдом Трампом в его резиденции

Дорога слишком дорога. Названы регионы, в которых с января подорожает проезд

Урсула фон дер Ляйен под огнем критики: финны и мировое сообщество осуждают решение об укреплении границ ЕС с Россией

В новогодние каникулы в небе произойдет ряд ярких астрономических событий