Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

АКШда сот TikTokту жабуу мыйзамын күчүндө калтырды

0
АКШнын федералдык соту TikTok социалдык түйүнүнүн ээсин тиркемени америкалык тарапка сатууга милдеттендирген мыйзамды күчүндө калтырды. "Америка авазы" радиосу жазгандай, мыйзамга ылайык, социалдык түйүндүн ээси тиркемени 2025-жылга чейин сатпаса, Тик Ток Американын аймагында жабылат.



TikTok социалдык түйүнүнүн жана ага ээлик кылган ByteDance компаниясынын адвокаттары сотко кайрылып, арызын Жогорку сот караганга чейин тиркемени сатпоо мүмкүнчүлүгүн сурашты. Сот өтүнүчтү негизсиз деп тапты.



2024-жылдын апрелинде АКШ президенти Жо Байден баш кеңсеси Кытайда жайгашкан ByteDance компаниясы тиркемени 2025-жылга чейин сатпаса, Американын аймагында аны жабуу тууралуу мыйзамга кол койгон.



Бул мыйзам америкалык мыйзам чыгаруучулар TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн деген тынчсыздануудан кийин кабыл алынган.



TikTok ээлери тиркемени сатууга Кытайдын бийлиги уруксат бербесин билдиришүүдө. Алар бул мыйзам америкалык 170 миллиондой Тик Ток колдонуучунун укугун бузат деп эсептешет.



Эгер мыйзам жокко чыгарылбаса, 19-январдан тартып, TikTok тиркемеси АКШда иштебейт. Баш ийбеген учурда компания 850 млрд доллар төлөөгө милдеттүү. Ага хостинг же жаңылануу кызматын көрсөткөн компаниялар, анын ичинде Apple жана Google дагы 850 млрд доллар айып пулга жыгылат.




АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президенттик шайлоо учурунда платформаны сактап калууга убада берген. Ал кызматка расмий 20-январда киришет.



Кыргызстанда аталган социалдык түйүн быйыл апрелде бөгөттөлгөн.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Коллинс ударила себя по пятой точке после матча с австралийкой. Её освистал весь стадион






На северо-западе Москвы возвели два дома по реновации

Крещенские купания: советы врача для безопасного омовения

МВД Эстонии посчитало неразумным закрывать границы с Россией

Почти 30 аптек при поликлиниках заработали в Воронежской области