Gergert Sport дүкөнүнүн ээси Виталий Гергерт камакка алынды
Атайын кызмат Виталий Гергертке козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Анын жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
2021-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы кийин жоюлуп кеткен) Gergert Sport дүкөнүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, дүкөндү жапкан.
Кийин убактылуу ачылып, көп өтпөй эле бажы төлөмдөрүнө байланыштуу кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) да карап дүкөндү кайра жапкан.
Виталий Гергерт Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына алынган.
Gergert Sport - Бишкектеги белгилүү дүкөндөрдүн бири. Ал жерде туризмге, спортко керектүү товарлар сатылат. Гергерт Виталий дүкөндүн юридикалык ээси эмес, ал жалпы ишкерликти башкарат. (BTo)