Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мектеби өрттөнүп кетти

0
15-декабрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №11 Саймалуу-Таш орто мектеби өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Кырсыктан жабыр тарткандар жок.


Мекеменин маалыматына ылайык, тилсиз жоо 22:30дар чамасында толук өчүрүлүп, куткаруучулар 2020-жылы мектепке улай салынган ашкананы өрттөн сактап калышкан.


Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп, парталар жана башка эмеректер сыртка чыгарылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт эмнеден чыкканын жана келтирилген материалдык чыгымды тактап жатат.




Билим берүү жана илим министрлиги Саймалуу-Таш орто мектебиндеги кырсык жана балдар кандай тартипте окуйт комментарий бере элек.


Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болуп, 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев и Анисимова проиграли на старте выставочного теннисного турнира в миксте






В границах Петербурга строительство ВСМ начнется в 2025 году

Суперприз лотереи «Рапидо Про» разыгран! Почти 49 млн рублей выиграл участник из Московского региона

"В историю можно не войти, а вляпаться": Русский генерал напомнил Макрону о судьбе Наполеона

Коломна (Московская область) - Сварочные работы любой сложности