Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 2% гана мектепте окуйт

0
Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында өзгөчө балдардын жана алардын ата-энелеринин демилгечи тобунун мүчөсү Айсулуу Айтымбетова майыптыгы бар балдардын аз гана пайызы билим алып жатканын айтып, тийиштүү органдарды мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын сындады.


“Омбудсмен институтунун жана бейөкмөт уюмдардын акыркы изилдөөлөрүнө ылайык, майыптыгы бар адамдардын 1% жогорку окуу жайларда билим алышат. Бөлүнгөн квота толбойт. Майыптыгы бар балдардын 2% гана мектептерде окушат”, - деди.


Жыйынга катышып жаткан билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жалпы эле майыптыгы бар адамдардын билим алуусу боюнча жооп берди.


“Билим берүү системасында атайын билим берүү үчүн 22 бакчада 2524 бала тарбияланууда. Кадимки бакчада майыптыгы бар 700гө жакын бала бар. Атайын билим берүү уюмдарында 2295, коррекциялык класстарда 500дөн ашуун. Ал эми кесиптик лицейлерде 400га жакын бала окуп жатат. Коллеждерде 300гө жакын майыптыгы бар балдар окуп жатат. Ал эми 230 бала жогорку окуу жайларда окууда”, - деди министрдин орун басары.


Айрым эл өкүлдөрү майыптыгы бар адамдардын билим алуусуна шарт түзүүнү жакшыртуу керектигин белгилешти. Расмий маалымат боюнча өлкө боюнча майыптыгы бар 217 миң адам болсо, анын ичинен балдардын саны 39 миң.




ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген. (TSh)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Оскорбивший Джоковича австралийский журналист извинился перед ним






Специалисты АО «Истринская теплосеть» проводят плановые обходы тепловых сетей

«Дом.РФ» отметил замедление роста цен на жилье в России третий год подряд

Ефимов: Москомархитектура выпустила более 9 тыс. градостроительных планов земельных участков в 2024 году

Улицы, маршруты, судьбы: Почта России рассказала о почтовых совпадениях