Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

БШК депутат Чынберди Төлөновду мандатынан ажыратты

0
Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чынберди Төлөнов мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазып, Боршайком 16-декабрда депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.


Анын мандаты “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки турган Жайлообай Нышановго берилди.


Чынберди Төлөнов 2023-жылы ноябрь айында диплом маселесинен улам мандатынан ажыраган депутат Фархат Исмаиловдун ордуна келген.




Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Жайлообай Нышанов 1968-жылы Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.


Эмгек жолун 1988-1989-жылдары Каныш-Кыя совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштап, 1995-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келаткан.


Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу округдардан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Андан бери ар кандай жагдайда 20 чакты депутат мандатын тапшырды. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Блинкова победила Соррибес-Тормо и вышла во второй круг турнира WTA в Клуж-Напоке






Как отдохнуть белгородцам 7–9 февраля

Новый развлекательный центр «Галактика» открыт в Очаково-Матвеевском

Фермер из Саратовской области оценил удобство московских круглогодичных ярмарок выходного дня

Скрывался 12 лет: заявивший о массовых пытках в тюрьмах Сирии раскрыл свою личность