Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Бишкекте 33 жаштагы келин күйөөсүнүн бычагынан каза тапты

0
17-декабрда Бишкекте 33 жаштагы адам жубайын бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалды.


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя түшкө жуук Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Чыгыш авто бекетинин аймагында болгон. Жубайлардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, күйөөсү аялын бычак менен сайып жибергени аныкталган. 33 жаштагы келин “Тез жардам” келгенге чейин каза болгон. 


Шектүү окуя болгон жерден кармалган.


Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).


Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Пэм Шрайвер

Трофеи чемпионки Олимпийских игр по теннису Шрайвер вернулись к ней после кражи






В Серпухове проходит Чемпионат и Первенство Московской области по смешанному боевому единоборству

Москва организует в регионах выездные школы реставрации

В Бурятии может погаснуть «Светофор»

«Динамо» Москва — СКА 1 февраля 2025 года: где смотреть, во сколько начало, все об игре