Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Ташиев: Акылбек Жапаров бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши тууралуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берди.


“Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык иштер менен байланышы барбы?” деген суроого жарым-жартылай жооп берди. Ал Акылбек Жапаровдун тажрыйбасы көп экенин, аны кызматтан кетирүү чечимин президент кабыл алганын жана ал талкууга жатпай турганын билдирди.


“Эми бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да. Жөндөн-жөн кеткен жок да. Айтып атпаймынбы, ал президенттин чечими биз аны талкуулабайбыз”, - деген Ташиев кайсы иш тууралуу айтып жатканын тактаган жок.


Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу маалымат берип жатып айтты.


6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын билдирген. УКМК аларга байланыштуу коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын кошумчалаган.


6-декабрда Биринчи май райондук соту Алтынбек Абдуваповду жана Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алган.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка өткөнүнө байланыштуу делген негиз менен 16-декабрда кызматтан кетти. Ал кызматтан эмне себептен кеткени тууралуу комментарий бере элек. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Теннисист Рублев поднялся в рейтинге ATP на восьмое место






Кремль: Россия готова к сотрудничеству с США по металлам, но санкции мешают

В Китае протестировали термоядерное «искусственное солнце»

Фракция «Единая Россия» вместе с Ассоциацией крестьянских хозяйств усилит поддержку тружеников села

В Подмосковье прошло первое тренировочное мероприятие в формате ЕГЭ