Камчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд сом өндүрүлгөнүн айтты
Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу маалымат берип жатып айтты.
Анын сөүзүнө караганда, 168 млрд 287 млн сомдун ичинен 37 млрд 776 млн сом (436 млн 725 миң доллар) акчалай, 130 млрд 510 млн сом (1 млрд 508 млн доллар) мүлк түрүндө кайтарылган.
“Биз декабрдын аягына чейин дагы кошумча 40 млрд 893 млн сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген оюбуз бар. Азыр кылмыш иштеринин алкагында каралып бүтүп аткан жумуштар. Бул 472 млн 755 миң доллар болот экен. Демек, 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин 209 млрд сом жыйналат. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот экен”, - деди ал.
Буга чейин коомчулукта коррупциядан жана мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу ачык маалымат берилиши керек деген талаптар айтылып келаткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сентябрь айында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдап коомдук талкууга чыгарган.
Документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, жакын туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салган. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин да берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбайт.
Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон. (BTo)