Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Түштүк Корея: Бийликтен убактылуу четтетилген Юн Сок Ёл суракка чакыртылды

0
Түштүк Кореянын президенттиктен убактылуу четтетилген Юн Сок Ёл прокуратурага суракка чакыртылды. 17-декабрда жергиликтүү Yonhap агенттиги жазгандай, аны аскердик абал жарыялоо менен кызматынан кыянаттык пайдаланган деп айыптап жатышат. Ал өзү дооматтардын баарын четке кагууда.


Агенттик ушуну менен ал экинчи жолу прокуратурага чакыртылганын кошумчалады. Биринчи жолкусунда барган эмес.  21-декабрга чейин суракка барбаса, анда аны камоого ордер чыгаруу маселеси каралат.


Прокуратурадан тышкары Юн Сок Ёлду биргелешкен тергөө тобу да суракка чакырган. Ал комиссия полиция өкүлдөрүнөн, жогорку даражадагы аткаминерлер арасындагы коррупцияны иликтеген башкармалыктын мүчөлөрүнөн жана Коргоо министрлигинин тергөө бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн турат.




Ошондой эле тергөөчүлөр президенттин коопсуздук кызматынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнү маалым болду.


14-декабрда Түштүк Корея парламентинин 300 депутатынын Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга президенттин 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болду.


Эми бул маселени Конституциялык сот караш керек. Президент убактылуу кызматынан четтетилди. Анын милдетин өкмөт башчы Хан Дак Су аткарууда.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

На турнире в Марселе под флагом России оказались имена Медведева и Хачанова






В Москве открыли наследственное дело после кончины ведущего Александра Маслякова

Посол России в РМ Олег Озеров посетил Приднестровский госуниверситет

Нутрициолог Петрова посоветовала ходить 10 тысяч шагов после двух блинчиков на пиве

Российские туроператоры раскрыли, как летом-2025 слетать на Кипр и сколько будут стоить такие туры