Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Президент Акылбек Жапаров салыктагы кемчиликтер үчүн кызматтан кеткенин билдирди

0
Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды.


“Ачыгын айтып коюш керек бул жетишкендиктерге Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун дагы салымы бар. Эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр барыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш аракеттеринен улам салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, жеке кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум”, - деди Жапаров.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка өткөнүнө байланыштуу делген негиз менен 16-декабрда бошотулган. Ал кызматтан эмне себептен кеткени тууралуу комментарий бере элек.




6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын билдирген. УКМК аларга байланыштуу коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын кошумчалаган. 6-декабрда Биринчи май райондук соту Алтынбек Абдуваповду жана Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алган.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда Мамлекеттик салык кызматындагы мыйзамсыз иштерден бюджетке 30 млрд сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирген. Бул иш боюнча УКМК Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын маалымдаган. (TSh)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Кори Гауфф

Кори Гауфф проиграла Марте Костюк во втором круге «тысячника» в Дохе






В Москве двое полицейских обвиняются в продаже почтовых адресов россиян

«Да ты у нее умрешь». Олимпийский чемпион Тарасовой отговаривал Ягудина от работы с ней

«Эвотора»: средний чек россиян в салонах красоты вырос на 13%

Жирновато будет: прокурор Татарстана требует от олигарха Сёмина вернуть земли в центре Казани