Европа Комиссиясы TikTok платформасы Санарип кызмат көрсөтүү мыйзамын бузган болушу мүмкүн деген неигзде расмий териштирүү баштады. Euronews бул аракет Орусиянын Румыниядагы шайлоого кийлигишкени боюнча далилдерди алгандан кийин башталганын жазды.
Еврокомиссия TikTok Евробиримдиктин мыйзамдарын бузуп-бузбаганын аныктоо үчүн маалыматтарды чогултат.
Румынияда 24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда ашынган оңчул, орусиячыл саясатчы Кэлин Жоржеску күтүүсүз жеңишке жеткен. Конституциялык сот добуш берүү процессине Орусиянын кийлигишкени жана бул кампанияда TikTok аянтчасын колдонгону боюнча румыниялык атайын кызматтын берген далилдерине таянып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.
Эгер TikTok Евробиримдиктин мыйзамын бузганы аныкталса, бул платформа анын жалпы кирешесинен 6% чейинки суммадагы айып салышы мүмкүн экени белгиленди.
“Биз мындай учурда, айрыкча шайлоо маалындагы кийлигишүүлөр боюнча күмөнсүрөгөнүбүздө, ыкчам жана чечкиндүү аракеттерге барышыбыз керек. Эл аралык субъектилердин Румыниядагы президенттик шайлоого кийлигишкени боюнча олуттуу белгилер байкалгандан кийин биз TikTok ушундай тобокелдиктердин алдын ала албаганы үчүн санарип кызмат көрсөтүү боюнча мыйзамды бузуп-бузбаганын текшеребиз”, - деди Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Комиссия Жоржескунун бул платформадагы рекламаларын “табигый эмес көрүнүш” деп баалап жатат. Мындай жарнамалоо боттор жана жасалма аккаунттарды иштеп чыгуу менен коштолгон болушу мүмкүн экенин айтышууда.
Орусия Румыниядагы шайлоого аралашканын четке кагып келет.
IRNA: Иран продолжит удары по Израилю, пока тот не выплатит репарации
Во Владивостоке стартовал второй этап Спартакиады ведомственной охраны Минтранса России
Работники Центрального филиала ведомственной охраны Минтранса России почтили память героев Великой Отечественной войны, возложив цветы к мемориалам в разных регионах страны
В Сочи наградили победителей фестиваля-конкурса национальной патриотической песни «Красная гвоздика» имени Иосифа Кобзона
Гости из Калининграда знакомятся с опытом медицинского строительства Кирова
Врач Романенко назвала артериальное давление важнейшим показателем здоровья
Департамент инвестиционной и промышленной политики города Москвы вместе с Минпромторгом РФ и АНО «Консорциум Медицинская техника» создадут медико-технический кластер в ОЭЗ Москвы
Врач Жоголева: подушки нужно стирать раз в три месяца