Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

0
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Бакыт Сыдыков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.



Кызматка дайындоо үчүн Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.



Маалыматты президенттин администрациясы 18-декабрда таратты.



Мурдагы экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун 16-декабрдагы жарлыгы менен Министрлер кабинетинин 1-орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бул кызматтагы Адылбек Касымалиев ошол эле күнү президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу кызматына киришкен.



Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров президенттин 16-декабрдагы дагы бир жарлыгы менен кызматынан бошотулган. Экс өкмөт башчы кызматтан өз арызынын негизинде кеткени айтылууда.




Бакыт Сыдыков президенттик администрациянын саясий-экономикалык иликтөөлөр башкармалыгын жетектеп келген. Өнүктүрүү жана инвестиция агенттигинин Байкоочу кеңешинде президенттин өкүлү болуп жүргөн.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко проиграла в первом круге турнира WTA-1000 в Дохе






Винер ушла с поста главного тренера сборной РФ по художественной гимнастике

С оторвавшейся в Охотском море льдины эвакуировали 109 рыбаков

Белый дом: Возвращение осужденного в РФ Фогеля является проявлением доброй воли

Спрос на вторичное жилье в Самаре вырос на 8% год к году