Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматына жетекчи болду

0
Президенттин кеңешчиси Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тишелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-декабрда кол койгону өкмөттүн сайтына жарыяланды.


6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын билдирген. УКМК аларга байланыштуу коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын кошумчалаган. Ошол күнү Биринчи май райондук соту Абдуваповду жана Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алган.


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда Мамлекеттик салык кызматындагы мыйзамсыз иштерден бюджетке 30 млрд сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирген.


Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин тактады.




55 жаштагы Алмамбет Шыкмаматов буга чейин президенттин кеңешчиси болуп турган. 2023-жылы сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалып, быйыл июнда бошотулган.


Ага чейин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп иштеген. 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси да болуп эмгектенген. Кийин бул кызматын тапшырып, ошол эле жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого “Ынтымак” партиясынан талапкер болгон. 2021-жылкы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.


2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат болуп, 2011-2015-жылдары юстиция министринин кызматын аркалаган. (TAb)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева пробилась в полуфинал турнира WTA-1000 в Дубае






Список разрешенных имен для детей: о чем законопроект и зачем он нужен

Вильфанд: в начале марта в центре европейской части РФ будет теплее нормы

Крымских экскурсоводов выводят из тени, до 1 марта 2025 года надо успеть

В аэропортах Казани и Нижнекамска ввели временные ограничения