Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Трамп өкмөттү убактылуу каржылоо долбоорун колдобоого чакырды

0
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Конгресстеги республикачыл партиялаштарын өкмөттү убактылуу каржылоо боюнча мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. "Рейтер" агенттиги кабарлагандай, мыйзам 21-декабрга чейин жактырылбаса, мамлекеттик мекемелердин иши убактылуу токтошу ыктымал.


Трамп жана шайланган вице-президент Жей Ди Вэнс Конгрессти башка финансылык документти кабыл алууга чакырышты.


Бюджет өз убагында бекитилбесе, аба каттамдарынан баштап тартип коргоо органдарынын иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. "Шатдаун" деп аталган мындай көрүнүш акыркы жолу АКШда 2018-жылдын декабрында болуп, 2019-жылдын башына чейин созулган.


Азыркы мыйзам долборунда мамлекеттик мекемелерди учурдагыдай деңгээлде каржылоо, 100 млрд доллар жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга жана 10 млрд доллар айыл чарбага жардам катары бөлүү каралган


Эки партия мунасага келген келишимге ылайык өкмөт эмки жылдын 14-мартына чейин каржыланмак.


Трамп өкмөттүн натыйжалуулугун көздөмөлдөгөн агенттиктин башчылыгына сунуш кылган миллиардер Илон Маск ал мыйзам долбоору “өтпөшү керек” деп жазды.


Маск Трамптын шайлоо кампаниясына 250 миллион доллардан ашуун каражат короткон.


Ушу тапта демократтар Сенатта көпчүлүктү түзөт. Президент Жо Байден 20-январга чейин кызматында турат.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Поражение Рыбакиной на старте звездного турнира в Абу-Даби привело к неожиданному результату






«Нужно разрешить приобретать жильё на вторичном рынке»: Путин предложил расширить условия семейной ипотеки

Жена Башара Асада начала лечение от рака в Москве еще до его побега

Друг умершего Тиммы опроверг, что Седокова оплатила похороны баскетболиста

Владимир Пресняков удостоился ордена Почета