Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

CPJ кыргыз бийлигин төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды

0
Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы төрт кызматкерине чыккан өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырганын сынга алды.


Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид кыргыз бийлигин Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековду абактан бошотуп, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага коюлган айыпты алып, көз карандысыз медиага басымды токтотууга чакырды.


Бишкек шаардык соту 18-декабрда төрт журналистке Ленин райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган.


Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.




 


Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Абакка кесилген жана пробациялык мөөнөт берилген төрт журналисттин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко даттанган.


Алар менен кошо айып тагылган калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.


11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.


16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov LIVE баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.


Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Ник Кирьос и Новак Джокович сыграют в парном разряде на турнире ATP-250 в Брисбене






«Киев в огне «Орешника» — Зеленский в ярости!»: Путин вызвал объединенные силы США и ООН на дуэль ПРО технологий

Торговые центры берут паузу // Почему девелоперы переносят открытие новых объектов

Семейная ипотека на вторичку не коснется Москвы и Петербурга

Пётр I и Дед Мороз открыли выставку