Депутат Сурабалдиева өкмөт "айып пулдарды көбөйтүп жатат" деп сындады
Баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов учурда өрт коопсуздугу эрежелерин бузган жаранга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынарын жана бул көрсөткүч аз экенин белгилеген.
Депутат Элвира Сурабалдиева соңку учурда өкмөттүн айып салуу мүмкүнчүлүгү кеңейип жатканын, мындай чаралар ишкердикке кыйынчылык жаратарын айтып чыкты.
“Бизнестин жарымы камалып отурат, калган жарымынын түбүнө айып менен жетейин деп жатасыңарбы? Олчойгон айыпты коюп жатасыңар. Аны соода борборлорго, базарларга салганыңар менен аны баары бир чакан түйүндөр төлөйт. Өкмөт жарандарга шарт түзбөй эле, "бизнес өкмөт" болуп калдыңар. Жалаң айыптар... Жарандар коркконунан эле унчукпай турат”.
Депутат кесиптештерин мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө үндөдү. Парламенттеги эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Улан Примов да комитеттеги талкуу учурунда мыйзам долбоорунда каралган айыптардын суммасы көп экени айтылганын билдирди.
Добуш берүүдө 31 депутат каршы болуп, мыйзам долбоору четке кагылды.
Сунушталган мыйзам долбоорунда айыптын бир нече түрү көрсөтүлгөн. Мисалы, техникалык паспорту жок, колдо жасалган электр шаймандарын колдонгондорго миң сом, жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирген эреже бузган юридикалык жактарга 75 миң айып салынат.
500 соода түйүнүнөн ашкан объектилерге жана 500 адамды камтыган оюн-зоок жайларына 200 миң сом, ушундай эле жайларда түйүндөр миңден ашса жана ушунча санда адамды камтыса 500 мин сом каралган.
Ал эми сатуу түйүндөрү 3 миң түйүндөн ашса жана 3 миң кишиге ылайыкташкан жайлар үчүн айып 1 миллион сом деп көрсөтүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы он ай ичинде 2 миң 489 өрт кырсыгы катталып, 32 адам каза болгон. (TAb)