Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

УКМК “Хизбут-Тахрир” уюмунун 22 мүчөсү кармалганын билдирди

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргеликте Жалал-Абад облусунда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 22 активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.


УКМКнын маалыматына караганда, алар бир нече жылдан бери Жалал-Абад шаарынын тургундарынын арасында деструктивдүү идеологияны пропагандалоо, социалдык тармактарда фейк аккаунттарды түзүү, өлкөдө экстремисттик материалдарды көбөйтүү жана жайылтуу менен алектенишкен.


Алар “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, мыйзамга каршы диний уюмдар арасында баракчаларды тараткан деп шек саналууда.


“Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жашыруун басмаканасы, көп сандаган экстремисттик адабияттар, баракчалар жана башка материалдар даярдалган компьютерлер алынган”, - деп айтылат маалыматта.




Кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызмат жарандарды Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.


Ушул тапта Кыргызстанда соттун чечими менен террорчул жана экстремисттик уюм катары ишине тыюу салынган диний бирикмелер: “Аль-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эль), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жундь-Аль халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчлары), “Ат-Такфирваль-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Аль-Имам Аль-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид валь-жихад”, “Йакын инкар”.


Кыргыз бийлиги “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап, документти Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева одержала победу над Кларой Таусон на турнире WTA 1000






«Локомотив» близок к трансферу Салифу Сума из азербайджанской «Зири»

Владимир Ефимов: Город выделил участок для строительства центра подготовки сборных команд по футболу

5 фотографий Великого поста

Врач Дюваль: овощи, фрукты и рыба помогут в профилактике диабета