Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Чүйдө кыз ала качууга шектелип эки киши кармалды

0
Чүйдүн Москва районунун 30 жана 35 жаштагы эки тургуну кыз ала качууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кабарлады.


20-декабрда Аламүдүн милициясына 20 жаштагы кыз 18-декабрда аны бейтааныш эки киши Васильевка айылынан күчтөп машинеге салып, ала качып кеткенин айтып, арыз менен кайрылган.


Тергөөдө шектүүлөр кызды Маевка айылына алып барып, молдого нике кыйдырууга аракет кылганы аныкталган. Кыз турмушка чыгуудан баш тарткандан кийин Беловодск айылына алып барып, үйдө күчтөп кармап турушкан.




Милиция шектүүлөрдү аныктап, убактылуу кармоочу жайына камакка алды. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 172-беренеси (“Никеге туруу максатында ала качуу”) боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.


Декабрь айынын башында Чүйдүн Жайыл районундагы "Сосновка" өткөрмө бекетинен кыз ала качууга шектелип 28 жаштагы эки, 30 жаштагы бир киши кармалган.


Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. Мындай кылмышы далилденгендер Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин биринчи бөлүгү (“Никеге туруу үчүн адамды ала качуу”) менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү (“Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу”) менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Рыбакина и Путинцева узнали свои места в новом рейтинге WTA






Минздрав Подмосковья: очаг туберкулеза обнаружили в Подольске

Эстония выходит из БРЭЛЛ, граждан предупредили об отключении электроэнергии

Звезда Comedy Club Екатерина Козлова сделала пластическую операцию у Тимура Хайдарова

Взрывное устройство в ЖК «Алые паруса» привели в действие дистанционно