Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Президент Жапаров балдарды, аялдарды зомбулуктан коргоо негизги милдет экенин айтты

0
Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алды.


Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалады.


“Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз”, - деди президент.




Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).


Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.


17-декабрда эле Бишкекте 33 жаштагы адам жубайын бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалган. Айрым маалыматтарга караганда, ал 33 жаштагы жубайын бычак менен 20дан ашык жолу сайган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Роман Сафиуллин пробился в основную сетку турнира ATP-500 в Дуабе






В Москве в День защитника Отечества стартовала акция «Улицы Героев»

Дубль Исака принес «Ньюкаслу» победу над «Ноттингемом» в матче АПЛ

Легендарный Фетисов предлагает России сразиться с США. Суперсерия с американцами — шанс выйти из изоляции?

В России наблюдается дефицит квартир дешевле 3 млн рублей