Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтор Дүйшөмбү шаарында жолугушту

0
Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоо үчүн материалдарды даярдоого киришти.


Бул тууралуу 11-19-декабрь күндөрү эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топторунун Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында болгон кезектеги  жыйынында айтылды.


Кыргыз өкмөтү бул иш Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантыларын билдирди.




4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 11-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында киргизилерин айткан.


Президент Садыр Жапаров 13-декабрда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маек берип, “талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду”, - деп айткан.


Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.


Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Даниил Медведев — в полуфинале турнира ATP, конфликт Малкома с фанатами. Главное к утру






Петросян: думаю о международных стартах, посмотрим, что решит судьба

Никаких обид: Съевший пирожок с ртутью москвич не имеет претензий к отравившему его коллеге

"Кибер доктор Зигмунд Фрейд": видео про ЛЮБОВЬ США К РОССИИ! СЕНСАЦИЯ! Новости. В.В. Путин, Д.А. Медведев, Илон Маск, Дональд Трамп. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

Автобус врезался в отбойник на Дмитровском шоссе в Москве