Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Германия: Жаңы жылдык жарманкеге чогулгандарды машине сүзүп, кеминде эки киши набыт болду

0
Германиянын чыгышындагы Магдебург шаарындагы жаңы жылдык жарманкеге топтолгон адамдарды машине сүзүп, кеминде эки кишинин өмүрү кыйылды. Алтымыштан көп адам жараат алганын Саксония жергесинин администрация башчысы Райнер Хазелофф.


Ал набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Машине менен сүзгөн шектүү кармалды. Хазеллоф кармалган киши 50 жаштагы теги сауд арабиялык экенин айтты. Ал Германияга 2006-жылы келип, дарыгер болуп иштеп жүргөн.


"Франс-пресс" агенттиги жазгандай, кара түстөгү жеңил автоунаа топ адамды 400 метрдей жиреп барып токтогон.


2022-жылы Берлиндеги көчөлөрдүн биринде бараткандарды автоунаа сүзүп, бир адам каза болуп, отуздан көбү жараат алган. Ал эми 2016-жылы Берлиндеги жаңы жылдык жарманкеге топтолгондорду жүк ташуучу унаа сүзүп, 12 кишинин өмүрү кыйылган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева одержала победу над Кларой Таусон на турнире WTA 1000






Александр Козловский: Дети должны учиться в столичных вузах и возвращаться в регионы

Стало известно, в какую колонию могут отправить Блиновскую

Собянин рассказал об оформлении новой станции метро «Бульвар Генерала Карбышева»

Лавров настаивает на прекращении зависимости России от поставок с Запада