Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Исхак Раззаков орденин негиздөө сунуш кылынды

0
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков орденин сыйлык иретинде негиздөө боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.


Мыйзам долбоорунда бул орден менен мамлекеттик башкаруу жана муниципалдык кызматта таза иштегендер сыйланат деп жазылган.


“Мыйзам долбоору менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, ак ниет, таза эмгектенген кызматкерлерди жана өндүрүштө ири долбоорлорду ишке ашырган жарандарды колдоо жана кубаттоо максатында “Исхак Раззаков” орденин негиздөө сунушталып жатат”, - деп айтылат негиздеме катында.




Мыйзам кабыл алынса, “Исхак Раззаков” ордени төштүн сол тарабына “Манас” орденинен кийин тагылат.


Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл Министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп, Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданып, социалдык тармакта көп ийгиликтер болгон. (TSh)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Кори Гауфф

Кори Гауфф проиграла Марте Костюк во втором круге «тысячника» в Дохе






Ирина Пегова впервые за много лет вышла в свет с дочерью от Дмитрия Орлова

Mash: замок Пугачевой в Подмосковье за 1 млрд руб. начали готовить к продаже

Шанс на жизнь: в Тюмени девушке пересадили орган умершего донора

Отмена пенсионной реформы — можно ли фарш провернуть назад