Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Абдыкадыр Орозбековго “Эл баатыры” даражасы, Кеңеш Жусупов менен Кубат Осмонбетовго “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылды

0
Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты маалымдады.


Ага ылайык, Кара-кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековго “Эл баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы (каза болгондон кийин), жазуучу Кеңеш Жусупов менен геолог Кубат Осмонбетовго “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылды.


Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Абакир Мамытов, жазуучу Акбар Рыскулов, боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.


Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев жана ушул эле бөлүмдүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү Дильмурат Шамшиев каза болгондон кийин III даражадагы “Эрдик” ордени менен сыйланды.


Мындан сырткары бир нече кишилерге “Даңк” ордени, “Даңк” медалы, “Эл артисти”, “Эмгек сиңирген артист”, “Эмгек сиңирген дарыгер”, “Эмгек сиңирген куруучу”, “Эмгек сиңирген мугалим”, “Эмгек сиңирген юрист”, “Эмгек сиңирген ишкер” наамдары берилди. Ошондой эле маданиятка, илимге, мамлекеттик кызматка, саламаттык сактоого, жергиликтүү өз алдынча башкарууга, билим берүүгө, өнөр жайга, айыл чарбага жана калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген ишмер-кызматкерлерге да наамдар тапшырылды.


Абдыкадыр Орозбеков - советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири. Ал 1925-жылы Кара-кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. 1938-жылы жазаланган Орозбеков кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге жашырылганы али күнчө тарыхый документтер менен тактала элек.


2024-жылы Кыргызстанда Кара-кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда кол койгон.


Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Джокович не предоставил доказательств того, что его отравили в Австралии






Файзулин рассказал, как Горлукович издевался над футболистами: «Теперь вообще ничего не страшно»

Комлесхоз Подмосковья напомнил о штрафах за незаконную рубку хвойных деревьев

Уже весна?! В Москве больше не будет классической зимы

В Москве ребенка не пускают в садик из-за отсутствия справки от фтизиатра