Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Токтогул суу сактагычында 11 млрд 641 млн метр куб суу бар

0
23-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 641 млн метр кубду түздү. Бул күнү суу сактагычка секундасына 183 метр куб суу кирсе, иштетилген суунун көлөмү секундасына 777 метр куб болууда.


"Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, акыркы эки жумада суу сактагычтын суусу 756,2 млн метр кубга азайды.



Былтыр 23-декабрда суу чөйчөктө 10 млрд 663 млн метр куб суу болгон.


Энергетика министрлиги декабрь айынын башында электр энергиясын колдонуу тарыхый чекке жеткенин билдирип, элди сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.



Ага ылайык, 12-декабрь күнү 3 612 мегаватт электр энергиясы сарпталды, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жеткен. Ошол күнү Токтогул суу сактагычында да секундасына 932 метр куб суу иштетилип, эң жогорку чек болгон.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Камилла Рахимова

Камилла Рахимова проиграла на старте турнира в Индиан-Уэллсе






Люся Чеботина: «Мои волосы – розовое золото»

Mash: Боксера Исмаилова задержали в Москве по делу о наркотиках

Валерий Меладзе тайно приезжал в Москву из-за бизнеса

Летевший из Москвы в Ереван самолет экстренно вернулся в столицу