Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Президент имамдарга маяна төлөөнүн максатын түшүндүрдү

0
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мечит имамдарына маяна төлөөгө байланыштуу курултайдагы өзүнүн билдирүүсү жөнүндө “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берип, мунун максатын түшүндүрдү.


Мамлекет башчы “бул каражаттар бюджеттик каражаттар эмес экенин, муфтият көңүл бурбаган жактан каржы булактары табылганын” кайталады.


“Молдолор бүгүнкү күнгө чейин эмгек акы алышпайт. Ошондуктан ар бир айылдын молдосу эмгек акы алып иштесин деп жатабыз. Ошондо милдеттүү түрдө иштешет. Башка динге же башка агымга кирип кеткендерди тарбиялап, бир гана муфтиятка баш ийип, ханафий мазхабына кайтаруу жагын муфтият молдолорго жүктөсө болот. Муфтияттын сөзү да молдолорго өтүмдүү болот. Чачыранды болуп жүргөн дин тармагы тартипке келет. Өзүбүз бир эле элбиз. Анан 15-20 агымга, кандайдыр бир башкача дин эрежелерине бөлүнүп жүрөбүз. Бул өтө уят жана опурталдуу нерсе”, – деди Садыр Жапаров өз интервьюсунда.


Үчүнчү элдик курултайдын экинчи күнкү жыйынында – 21-декабрда президент Садыр Жапаров келерки жылы март айынан тарта Кыргызстандагы бардык айыл аймактардын имамдарына 8 миң сомдон маяна берилерин, жылдын соңуна чейин 20 миң сомго көтөрүлөрүн билдирген.


Мамлекет башчы өлкөдө 4 миңдей мечит бар экенин тактап, ар бир мечитте битир-садага чогултууга QR-коддор коюлуп, каражат муфтияттын эсебине түшө турган система түзүлөрүн кошумчалаган.


Кыргызстанда 2014-жылы мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары “Ыйман” фонду түзүлүп, ал имамдарды окутуу жана колдоо көрсөтүү багытында иш алып барган. Түркиядан каражат алган фонд имамдарга ай сайын 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин стипендия түрүндө маяна берип турган. Кийин каржылоо токтоп, молдолорго айлык берүү да токтотулган. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Джокович объяснил, почему бойкотирует интервью на корте AO






Илич и клубы РПЛ – появилась новая информация

Дело Ларисы Долиной рассмотрели в городском суде Йошкар-Олы

НА ЗЕМЛЕ ДЕЛАЮТ НАРКOТИКИ ИНОПЛАНЕТЯНАМ?! НАГЛЯДНО ВИДНО! ЧИТАЙТЕ! Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

Воронежский зоопарк готовится принять нового экзотического обитателя