Беларуста президенттикке талапкер катары Лукашенкону кошкондо беш киши катталды
Серепчилердин айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы, 70 жаштагы Лукашенко жетинчи ирет жеңип чыгарынан күмөн жок. Анткени калган төрт талапкер тең бийликчил болуп саналат.
Талапкер катары расмий каттоодон Олег Гайдукевич, Сергей Сиранков, Анна Конопацкая жана Александр Хижняк аттуу жарандар өттү.
"Лукашенко "өзүн шайлоо күнүн" 26-январга белгилегенин жарыялады. Бул террор атмосферасында өткөрүлгөн, реалдуу шайлоо жараяны эмес", - деди бозгундагы оппозиция лидери Светлана Тихановская.
Ал 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Лукашенкого негизги атаандаш болгон. Анда да Александр Лукашенко жеңгени белгилүү болгон соң түмөндөгөн беларустар добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы нааразылык акциясына чыккан.
Шайлоонун жыйынтыгын АКШ, Евробиримдик жана башка мамлекеттер менен эл аралык институттар да тааныган эмес.
Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялар күч менен таркатылып, миңдеген адамдар камалган. Бир катар оппозициячыл активисттер кармалып, узак мөөнөттөргө кесилди. Светлана Тихановская өзү өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Ал эми анын жолдошу, оппозиция активисти 18 жылга эркинен ажыратылган.