Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,6 млрд доллар болду

0
2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617 млн долларга жетти. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.



Анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 526,34 млн доллар, ички карыз 2 млрд 54,66 млн доллар.



Маалыматка ылайык, тышкы карыз былтыркы жылдын аягындагы көрсөткүчтөн 90,3 млн долларга азайган, ал эми ички карыз, тескерисинче, 426,86 млн долларга көбөйгөн.



Жалпысынан 2024-жылы мамлекеттик карыздын көлөмү 336,5 млн долларга көбөйдү.



Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү - 1,658 млрд доллары Кытайдын Эксимбанкына таандык.


Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдү тышкы карызын Жашыл климатты колдоо багытында кечүүгө чакырып келет.


Буга байланыштуу Германия 15 млн евро, Түркия 59 млн доллар карызды кечкен. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Теннисист Рублев поднялся в рейтинге ATP на восьмое место






Московская служба занятости подготовила специальную программу в честь 8 Марта

Сайт RT стал самым цитируемым в соцсетях в январе 2025 года по версии Медиалогии

Тамбовский фермер-йог запустил мемкоин в поддержку органического земледелия

Нашли иностранное гражданство: в чем обвиняют экс-замглавы «Роснано» Подольского